2018-жылы валюталык рынокто туруктуулук болгондуктан, экономикада финансалык стабилдүүлүк сакталды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттик жыйында билдирген.
Анын айтымында жыл ичинде акчанын алмашуу курсу 1.5% өсүп, ал 69.85 сомдү түздү ( 2017-жылдын аягында 68.8395 сом болгон).
«Валюталык соодада Улуттук банк өз таасирин төмөндөтүүдө. Кескин серпилүүгө жол бербөө максатында валюталык интервенция жасалды. Алардын саны өткөн жылга караганда эки эсе азайды — болгону 11 интервенция жасалган. Баардык интервенциялар дүйнөлүк экономикадагы серпилүү менен дисбаланска туш келди», —деп түшүндүрдү Абдыгулов.
2018-жылы АКШ лолларын сатуунун жалпы көлөмү $147.7 млн болгонун кошумчалады.