2019-жылы Таласта Көчмөндөр оюну өтөт

10.06.2019, 10:35 Акчабар
2019-жылы Таласта Көчмөндөр оюну өтөт

Быйыл Таласта көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Ага карата Өкмөт даярдык көрүүдө. Жакында атайын жыйын болуп, анда уюштуруу иштери каралды. 

«Оюндардын алкагында өтүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар этномаданиятты, этноспортту өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган. Биз кайрадан бүт дүйнөгө маданий байлыгыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган», – деди ал.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жалпы концепциясын жана иш-чараны уюштуруу ишинин негизги багыттарын тааныштырды.

Белгиленгендей, оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук оюндарды өткөрүүнүн негизги жайларын реконструкциялоо маселелери жана Талас шаарындагы башка инфратүзүмдүк объекттердин абалы талкууланды. Мындан тышкары иш-чараны каржылоо маселеси каралды.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүгө сапаттуу даярдыктарды камсыздоо, курулуш иштери үчүн каржылоону өз убагында бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну, бардык оңдоо иштерин сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

Тэги: Кыргызстан Национальные игры кочевников Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу