Бишкекте финансы форуму өтөт

27.05.2019, 10:17 Акчабар
Бишкекте финансы форуму өтөт

Эл аралык финансы форуму (BIFF-2019) жылы жетинчи жолу Кыргызстанда өтөт. Быйылкы жылы: «Финансы рыногундагы заманбап техналогиялар. Чакырыктар жана келечек»-аттуу темада жүрөт. Иш-чара  30 жана 31-майда Бишкекте өтөт.

 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы»деп жарыялангандыктан, ошондой эле, жашыл экономика, туруктуу каржылоо дагы акталдуу болгондуктан, форумда негизги эки тама каралат:

  • «Региондорду финансы тармагында санариптештирүү»;
  • Жашыл экономика жана туруктуу каржылоо.

Иш-чаранын максаты -өлкөнүн финансы сектору  кандай өнүгөт талкууга алып, замандын талабына жараша технологиялык өнүгүүгө баруу.  Калк арасында финансы кызматтарын, жаңы технологияларды жайылтуу. Алыскы аймактарга жаңы технологиялар аркылуу жаңы багыттарды ачып берүү. 

Бишкек эл аралык финансы форуму (BIFF-2019) жыл сайын уюштурулучу ири  бизнес-форуму. 

Финансы  тармагын санариптештирүү секциясында эң алдынкы адистер катышып, доклад жасашат. Алардын арасында Россиянын электрондук акча жана акча которуу системасынын ассоциациясы «АЭД» (Россия), MasterCard Эл аралык төлөм системасы,  SAPкомпаниясы,  Касперский Лабораториясы,  (РФ) Улуттук төлөм системасы менен башка кызыктуу финансы тармагындагы адистердин  пикирин угууга болот.  

Ал эми жашыл экономика секциясында КР экономика министрлиги,  Эл аралык  финансы корпорациясы (IFC), БУУ демилгеси,  «Жашыл экономикадагы аракеттеги өнөктоштөр» (PAGE) жана башка уюмдар катышмакчы. 

 

Иш-чарага катышуу үчүн толук маалыматты бул сайтан таанышып,  төмөндөгү телефондор: (0312) 90-10-58, 90-30-58, 90-90-58 (+100)аркылуу чалып билсеңиздер болот. Ошондой эле, e-mail: contact@biff.kg.электрондук почтага дагы кат жазып, кайрылсаныз болот. 

Форумга каталуу үчүн веб-баракча www.biff.kg кирип катталсаңыз болот.

 BIFF-2019 формунда  «Акчабар» финансы порталы маалыматтык өнөктөшү. 

Тэги: BIFF-2019 финансы банки цифровизация экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу