Кечээги Кой-Таштагы атайын операциядан улам Бишкектин түштүгүндөгү Globus гипермаркети жабылганы социалдык тармак аркылуу айтылып, маалыматтар тараган.
бизнес [news 16423]
Айтмакчы, кечээ 7-августа, болжолдуу Бишкек убактысы 18.00 мурдагы президента Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо боюнча атайын операция башталып, бир адам каза тапты.
Эскерте кетели, Атамбаевге беш кылмыш иши ачылып, учурда тергөө жүрүп, үч жолу суракка чакыруу жасалган.
«Биздин бардык дүкөндөр учурда кадимки графикте иштөөдө. Болгону, айрым гипермаркеттердин графиги 00.00 чейин эле. Алсак, Көк-Жардагы айлампадагы Globus-08.00 дон 00.00 чейин иштейт», — деп «Акчабарга» Globus гипермаркетинен комментарий беришти.