Belgian Chocolate Group Кыргызстанда шоколад чыгаргысы келет

04.06.2019, 11:53 Акчабар
Belgian Chocolate Group Кыргызстанда шоколад чыгаргысы келет

 Belgian Chocolate Group Кыргызстандын рыногуна чыгууну каалайт. Бишкектеги  Кыргыз-Бельгия бизнес-форуму өнөктөш табуу үчүн уютурулду. Бельгиянын атактуу шокодад фирмасынын  сатуу боюнча аймактык менеджери Робби Друйц «Акчабарга» маек берди. 

Belgian Chocolate Group 1956-жылы негизделип, Европада таанымал бренд. Дүйнөлүк рынокто жогорку сапаттагы шоколад өндүрүү менен белгилүү. Учурда Бельгиядагы эки ири заманга жараша заводдо продукциялары чыгарылат. Алар Борбордук Азиянын рыногу  анын ичинде Кыргызстанга чыгууну көздөп жатышат. 

«Биз жергиликтүү өнөктөш издеп жатабыз. Жергиликтүү азык менен биздин технологияда шоколад чыгарсакпы деп турабыз. Баардык тилектер келишим түзүлгөнүнө байланыштуу», — деп билдирди Робби  Друйц.

Эскерте кетели, кечээ КР соода өнөр жай палатасы кыргыз-Бельгия бизнес форумун экинчи жолу уюштуруп, ага Европадан 11 компаниянын өкүлдөрү өнөктош издеп келишкен. Жакын арада кандай келишим түзүлгөнү тууралуу маалыматтарды беребиз. 

Тэги: Belgian Chocolate Group Робби Друйц бизнес Бельгия Кыргызстан бизнес-форум экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу