“Мектептердин 98% интернет менен камсыз болду” - деген маалыматка эл өкүлдөрү ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

16.09.2019, 10:33 Акчабар
“Мектептердин  98% интернет менен камсыз болду” -  деген маалыматка эл өкүлдөрү ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Өкмөттүн Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бала-бакча, мектеп, ЖОЖдун абалдары жана мектепке болгон электрондук каттоо тууралуу маалымат берди. 

Берилген маалымат боюнча, учурда Кыргызстандын 98% мектеби интернет менен камсыз болгон. Бирок, кээ бир эл өкүлдөр Билим берүү министрлигинин бул  берген маалыматына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Депутат Кубанычбек Нурматов, жакында Түштүк региондордогу  мектептерди кыдырганда интернет эмес, компьютер жок мектептерге күбө болгонун айтты. 

 “Республиканын түштүк районундагы мектептерге капиталдык ремонт керек, бардык предметтер боюнча китептер жетишсиз. Кээ бир мектептерде компьютер жок, болсо дгы алар иштебейт” – деп билдирди Нурматов. 

 

Тэги: интернет школы образование депутаты Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу