Кыргыз бийлиги “Центеррага” 16 гектар жер бергени эсинде жок

18.09.2019, 17:59 Акчабар
Кыргыз бийлиги “Центеррага” 16 гектар жер бергени эсинде жок

18 – сентябрь күнү отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЖКнын комитети “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы 16 гектар жер «Центерра Голд Инк.» компаниясына  жана Сарычат-Эрташ коругунун 4 миң 380 гектары алтын казуу үчүн пайдаланууга өтүп кеткендиги тууралуу маалыматты тактоо максатында  көчмө жыйын өткөздү. 

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин орун басары Эльдияр Шерипов  коруктун тегереги кеңейгендиктен, “Кумтөр” менен чектеш болуп жатат деп түшүндүрмө берди. 
 

Коомчулук социалдык баракчада корук алаынып кетти деген маалыматка катуу тынчсызданышууда, бирок Өкмөттө мындай чечим жок. Биз муну далилдеп бере алабыз. Бир гана юридикалык күчкө ээ эмес, кат келген. Ал катка  курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурунку директору Абдымитал Чынкожоев кол койгонун, же койбогону эсинде жок.”– деп билдирди. 

Бул окуя боюнча, эл өкүлдөрү алтын казган компанияларынын жетекчилерине суроо салганда, алар 1994 – жылы , “Кумтөр” жаңы ишке киргенде, 10 миң гектар жер бөлүнүп берилеген, андан кийин 2009 – жылы Өкмөттүн макулдугу менен, дагы 16 миң гектар жер геологиялык чалгындоо иштерин жургүзүүгө бөлүнүп берилген. Азыр Кумтөрдүн кармагында 16 миң гектар жер бар “ – деп түшүндүрмө беришти. 

 

 “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, азыр алтын казуу иштери 10 миң гектарда жургүзүлүүдө, жакынкы аралыкта  16 миң гектар жер казууга берилбейт” – деп билдирди депутат Нурбек Алимбеков. 

Адистердин айтымында, бардыгы болуп, 485 тонна алтын казылган жана дагы 107 тонна алтын бар. Мындан сырткары,  уу алтын калдыктардын саны 100 тоннага жетет. Инвесторлор, таштандыларды кайра иштеп чыгып, алтынды алууна көздөшүүдө. 

Алтындын калдыктарын 2025 – жылга чейин казууну пландашууда, андан соң инвесторлор андан аркы келишимди улантышабы же жокпу азырынча белгисиз. 


Текшерүү иштерин жургүзүү үчүн 24 млн.$ керектелет. Азыр Кыргызстандын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда бул каражатты ким чыгарат деген суроо жаралып жатат.” – деп билдирди депутат Сагынбек Келдибаев. 

 

Тэги: Кумтор золотодобыча экономика горнорудка заповедник Сарычат-Эрташский Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу