Кыргызсанда ден соолук менен билим берүүгө каражаттар кыскартылып, мамлекеттик кызматкерлерге көп бөлүүнүдө

03.06.2019, 09:15 Акчабар
Кыргызсанда ден соолук менен билим берүүгө каражаттар кыскартылып, мамлекеттик кызматкерлерге  көп бөлүүнүдө

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын суммасы 2019-жылдын январь – апрелинде 39 млрд 401.8 млн сомду түздү. Анын ичинде бюджеттик каражаттар– 35 млрд 361.2 млн сом. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги билдирди.

 Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырганда республикалык бюджеттин чыгашалары 3 пайызга же 1 млрд 199,8 млн сомго азайды.

Бюджеттик чыгашалар боюнча бюджеттик мекемелерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөр (анын ичинде эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, дары-дармектер, тамак-аш, жөлөк пулдар, стипендиялар, мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды төлөп кутулуу беренелери боюнча) толук көлөмдө канааттандырылды. Ошону менен бирге бюджеттик мекемелер тарабынан кассалык чыгымдар 2019-жылдын май айына алып өтүлгөн кассалык пландын суммаларына караганда 2 млрд 486,3 млн сомго аз жүргүзүлдү.

2019-жылдын январь-апрель айлары аралыгында негизги бөлүмдөр боюнча жана 2018-жылдын бирдей мезгилинин көрсөткүчтөрү менен салыштырганда республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттары боюнча чыгашалардын түзүмү төмөнкүдөй болду:

  • жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 16 млрд 371,6 млн сом (жалпы чыгашалардын 46,3 пайызы) жумшалды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 10 млрд 116,6 млн сомго көбөйдү (Социалдык фонддун жана ММКФнын бюджеттерине трансферттер ушул бөлүмдө көрсөтүлдү, былтыр болсо социалдык коргоо жана саламаттык сактоо бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн);   
  • экономикалык маселелерге – 1 млрд 558,2 млн сом (4,4 %) жумшалды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 1 млрд 193 млн сомго азайды;
  • айлана-чөйрөнү коргоого – 173,6 млн сом (0,5 %) сарпталды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 8,2 млн сомго көбөйдү;
  • турак-жай жана коммуналдык кызматтарга – 604,9 млн сом (1,7 %) бөлүндү, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 364,5 млн сомго азайды;
  • саламаттык сактоого – 507,3 млн сом (1,4 %) сарпталды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 3 млрд 506 млн сомго төмөндөдү;
  • эс алууга, маданиятка жана динге – 757,7 млн сом (2,1 %) жумшалды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 54,6 млн сомго көбөйдү;
  • билим берүүгө – 6 млрд 837,5 млн сом (19,3 %) бөлүндү, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 9,2 млн сомго азайды;
  • социалдык коргоого – 3 млрд 513,1 млн сом (9,9 %) жумшалды, 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырганда 6 млрд 134,4 млн сомго азайды;

Тэги: расходы бюджет госслужащие финансы Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу