Кыргызстанга мыйзамсыз товар киргизүүгө көзөмөл күчөтүлөт

05.08.2019, 12:18 Акчабар
Кыргызстанга мыйзамсыз товар киргизүүгө көзөмөл күчөтүлөт

Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз кирип жаткан товарларга анын ичинде күйүүчү майлардын чек арадан мыйзамсыз киришине байланыштуу жыйын өткөрүп,салыктан качкандарга  каттуу  чара колдонууга чакырды. 

Өкмөт  башчысы алсыз административдик башкаруу салыкчылардын кош көңүлдүгү  мамлекеттик бюджетти толуктоодо тоскоолдуктарды жаратууда.

«Чек арадан мыйзамсыз ташылган товарларга жол бербөө керек. Анда салык кызматын электрондоштуруу зарыл. Бул  багытта баардык мамлекеттик органдар бирдиктүү иш жүргүзүүсүн талап кылам», — деп билдирди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, жетекчилерди жоопко тартуу тууралуу чечим кабыл аларын эскертти

«Эсепке кирбей чек арадан өткөн, анын ичинде күйүүчү жана майлоочу майдын кириши өлкөнүн экономикасына терс таасир этүүдө», —деп белгиледи премьер-министр.

Ошондой эле, жакын арада, бул маселе өкмөттө  каралышы күтүлүүдө. 

Тэги: Мухаммедкалый Абылгазиев контрабанда нелегальный импорт экономика бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу