Элден сүттү эки эсе кымбат сатып алуу күтүлүүдө

19.04.2019, 14:43 Акчабар
Элден сүттү эки эсе кымбат сатып алуу күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүү заводунун иши менен таанышты.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев заводдун учурдагы иши, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүлүп жаткан продукцияны экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, мындай сүттү кайра иштетүүчү заводдор Ош, Нарын жана Талас облустарында ачылып, ийгиликтүү иш алып барууда.

Өкмөт башчы өндүрүштүк цехтер жана заводдо өндүрүлгөн продукциялар менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жер-жерлерде социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө өз салымын кошуп жаткан экспортко багытталган ишканаларга ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы мындай алдыңкы компаниялар фермерелер жана дыйкан чарбалары менен кызматташуунун жаңы стандарттарын пайдаланып, өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун натыйжалуу формаларын киргизүүсү зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Премьер-министрдин айтымында, атамекендик фермерлерге өндүрүштү жайгарып, ири көлөмдөгү сапаттуу сырье менен камсыздоосуна өбөлгө түзүү керек.

«Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек. Өткөн жылы айрым райондордо 1 литр сүттү сатып алуу баасы 13 сомго дейре түшкөн жана жарандар бааны тийиштүү деңгээлде кармап калууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Рынокто мындай абалга жол берилбеши керек. Адамдардын тийиштүү киреше алууга болгон үмүтү басаңдаган», – деди Премьер-министр.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев сүттү сатып алуу баасын 25 сомго дейре жогорулатууга даяр экендигин билдирди.

«Дыйкандарыбыздын эмгеги акталышы керек. Калктын сатып алуу баасы ар кандай жана ортомчу түзүүмдөрдүн иш алып баруусуна жараша ар дайым эле жогору боло бербейт. Мындай ишканалар калктан сатылып алынып жатан сүттүн баасын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изздөөсү тийиш. Бул өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзүп, ишканалар үчүн тийиштүү көлөмдөгү сүттүн туруктуу тапшырылуусун камсыздайт. Өз кезегинде дыйкандар чарба жүргүзүүдөн жетиштүү түрдөгү киреше алып, малдын башын көбөйтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алат. Мунун өзү айылдардагы жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жакшыртуу үчүн абдан маанилүү саналат», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкана жетекчилигине ишке карата жоопкерчиликтүү жана социалдык багытталган мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди жана өлкө аймактарындагы өндүрүштү өнүктүрүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады.

Тэги: молоко Кыргызстан Мухаммедкалый Абылгазиев перерабатывающая промышленность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу