Кыргызстанда төлөө системасынын «Чөнтөк» жаңы оператору ишке кирди

02.09.2019, 11:01 Акчабар
Кыргызстанда төлөө системасынын «Чөнтөк» жаңы оператору ишке кирди

Кыргызстанда төлөө системасынын «Чөнтөк» жаңы оператору каттоодон өттү. Бул туурасында регулятордун сайтында кабарланды. 

Төлөө системасынын жана төлөө уюмдарынын реестринде «Чөнтөк» («Карман») жоопкерчилиги чектелген коому каттоодон өттү. ЖЧК төмөнкүлөр боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алды: 

  • өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп эсептелбеген товарлар жана тейлөөлөр үчүн төлөмдөрдү маалыматтык технологияларга, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөө системаларынын жардамы менен үчүнчү жактын пайдасы үчүн кабыл алуу жана жүргүзүүгө;
  • аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каражаттык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү кызматын көрсөтүү.

 «Чөнтөк»ЖЧКсы Баткен облусунун Исфана шаарында катталган.  

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө төлөө системасынын 22 оператору каттоодон өткөн. 

Тэги: оператор платежной системы Карман НБКР финансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу