Кыргызстанда ипотекага 500 млн сом бөлүндү

21.05.2019, 14:36 Акчабар
Кыргызстанда ипотекага 500 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда ипоткага программасы үчүн 500 млн сом бөлүнгөн. Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөт башчысы ипотекалык программа үчүн  4.8 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди. Ипотекада пайыздык чендер бул жылдар аралыгында  14% дан 7-9% түшкөн.

«Учурда 500 млн сомду ипотекалык программа үчүн бөлүнүүдө. Кыргыз өкмөтү жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоону негизги багыты катары баалайт. Бирок, калкты камтууну кеңейтүу  жана мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү  үчүн Мамлекеттик ипоткалык компания бюджеттик эмес ресурстарды тартууга кызыкдар болушу зарыл», — деп билдирди Абылгазиев.

Учурда миңдеген кыргызстандыктар турак жай алууга кезекте турушат. 

«Биз ипотеканы элге жеткиликтүү жана арзан кылууга аракет жасашыбыз керек. Азырынча, кыйынчылыктар бар. Президент Сооронбай Жээнбеков ипотекалык насыяларды 6% чейин түшүрүү тапшырмасын берди. Күзгө  чейин өкмөт бул багытта иш алып барат», — деп айтты премьер.

Айрыкча, МИК компаниясы бул максатты  ишке ашуруу үчүн баардык аракеттерди жасап, элди ишенимин акташы керек деп жыйынтыктады. 

Тэги: ГИК госипотека недвижимость госфинансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу