Кыргызстанда учакка, киного билеттер жана абоненттик төлөмдүн баалары кымбаттады

02.09.2019, 12:30 Акчабар
Кыргызстанда учакка, киного билеттер жана абоненттик төлөмдүн баалары кымбаттады

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда 2019 - жылдын I жарым жылдыгында калкка кызмат кылуучу тарифтердин баасы республика боюнча 0.4%га кыскарган. Ал эми Талас, Чүй, Нарын областтарында тескерисинче баанын өсүшү 1.4%, 0.3% жана 0.1% түзгөн.

Жылдын башында уюлдук телефонго колдонуучу абоненттик төлөмдүн баалары - 20%га,  аба жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтын баасы - 6.5%га, кинотеатрдагы кызматтар – 3.5%га, сыналгыны оңдоочу кызматтын баасы - 3.4%га, кийим тигүүчүлөрдүн баасы - 3.2%га, чач тарач кызматы - 2.3%га,  темир жолддогу жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтын баасы -  0.9%га, амбулаториялык кызматтын баасы - 0.4%га, турак-жайларды техникалык жактан оңдоп-түзөө иштери 0.3%га кымбаттаган.

Ошону менен бирге эле I жарым жылдыкта мейманканадагы кызматтардын тарифтик баасын - 2.3%га,  жергиликтүү уюлдук байланышты камсыз кылуучу баа – 2.1%га, муздаткычтарды оңдоо кызмат акысын – 1.6%га, ашкана кызматтарынын баасын – 1.2%га, коомдук унаада жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтардын баасы – 0.8%га, бут кийим оңдоочу кызмат – 0.5%га, мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кызматтарынын баасы – 0.4%га кыскатуу каралган.

КМШ өлкөлөр ичинде керектелүүчү товарга жана кызматтарга болгон баалардын максималдуу өсүшү Белорусияда - 2.9%га көбүрөөк катталган.

Тэги: цены население экономика услуги СНГ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу