Кыргызстанда 33.7% ишкана гана кирешелүү

04.07.2019, 11:20 Акчабар
Кыргызстанда 33.7%  ишкана  гана кирешелүү

2018-жылдагы экономиканын реалдуу секторунда  18.7 миң  чарбалык субъектилер иштеген. Жыл жыйынтыгы боюнча компаниялардын таза кирешеси 27 млрд сомго жеткен. Рентабелдүү ишканалардын үлүшү 35.7%, чыгашалуулар— 22.7% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

2018-жылы экономиканын реалдуу секторунда 18,7 миң  чарба жүргүзүүчү субъекттери ишмердигин жүргүзүштү. Экономика ишканаларынын жалпы санынан чейрек санынан ашыгы  соода чөйрөсүнө (26,1 пайызы), 15,3 пайызы - өнөр-жай тармагына, 11,9 пайызы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке, 11,5 пайызы - курулуш тармагына туура келген.

 «2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ишканалар тарабынан оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 27,0 млрд. сом өлчөмүндө пайда алынды. Рентабелдүү ишканалардын үлүшү алардын жалпы санынын 35,7 пайызын, ал эми чыгым тарткан ишканалардын үлүшү - 22,7 пайызын түздү»-деп билдирет Улуттук стат комдо.

Аймактар боюнча Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынан башка, республиканын бардык облустарынын ишканалары тарабынан пайда алынды.

2015-жылды кошпогондо, акыркы беш жылдын ичинде финансылык көрсөткүчтөрдүн талдоосу экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиктери рентабелдүү бойдон калганын көрсөттү. Экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку суммардык деңгээли 2016-жылы 13,4 пайыз өлчөмүндө белгиленген.

 «Экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээли  6,4 пайыз өлчөмүндө аныкталган. Сатуулардын рентабелдүүлүгү пайданын канча бөлүгү ишкананын түшкөн кирешесинде жаткандыгын көрсөтүп турат, ага жараша, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган кирешенин (дүң кирешенин) 1 сомунан орточо 0,06 сом (6 тыйын) пайда алынган»-деп билдирет Улуттук статкомдон. 

Муну менен бирге, ишканалардын операциялык (негизги) ишмердигинен  сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээли, финансылык-чарбалык ишмердиктен анын жалпы маанисинен 3,6 пайыздык пунктка ашуу менен 10,0 пайызды түзгөндүгүн, жана бул операциялык эмес ишмердиктен келип чыккан чыгымдардын эсебинен баланстык кирешенин көлөмүнүн төмөндөөсү менен шартталгандыгын белгилей кетүү керек.

 «Ченемдерге ылайык, жогорку рентабелдүүлүктүн категориясына  20 пайыздан 30 пайызга чейинки чектеги  сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээлине ээ болгон ишканалар кирет. 2018-жылы жогорку рентабелдүүлөргө  финансылык ортомчулук (30,9 пайыз), соода (20,3 пайыз) чөйрөлөрүндөгү уюмдар кирген»-деп жазылган  маалыматта. 

Рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли, пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш ишканаларында, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча уюмдарда, административдик жана көмөкчү ишмердиктер, ошондой эле башка тейлөө ишмердиктери боюнча уюмдарда алардын мааниси 10 пайыздан 20 пайызга чейинки чектерде болуп келген.

 «Айыл чарба, курулуш, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө ишканалары сыяктуу ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү ишканалар сатуу рентабелдүүлүгүнүн 10 пайыздан азыраак деңгээлине жетишишти жана өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча рентабелдүүлүгү төмөн категорияга киришти. Муну менен бирге, анысына карабастан алардын ишмердиги рентабелдүү экендигин белгилей кетүү керек» деп билдирди маалыматта.  

Муну менен катар, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик (геологиялык чалгындоону кошкондо) ишканалары, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), мунайзат продуктуларын өндүрүү, химикалык продуктуларын өндүрүү ишканалары, суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү ишканалары, мейманканалар жана ресторандар чыгымдарга жол беришти, бул сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн терс маанилеринин пайда болушуна алып келди.

Тэги: экономика предприятия рентабельность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу