Кытайдагы жарманкеге «жалган» документ жасагандар жоопко тартылат

09.08.2019, 12:34 Акчабар
Кытайдагы жарманкеге  «жалган» документ жасагандар  жоопко тартылат

23-августан 26-августка чейинки аралыкта Кытайдын Гуандун шаарында XXI Деңиз жибек жолу аттуу жарманке уюштурулат. Ага Кыргызстандан катышууга Айыл чараба министринин орун басарынын бири катышып, эки мамлекеттин экспорттук потенциалын талкууга алышмак. Бирок, министрликтин айыл чарба азыктарын экспортто боюнча болүм башчысы   Анара Беккулиева жалган документ даярдап, жарманкеге барууну көздөп жаткан. 

Министрдин орун басары рангындагы мамлекеттик кызматкерлер чакырылып, алардын баардык чыгашалары чакырыган тарап, Кытайлыктар төлөмөк. Ошондуктан, бөлүм башчы Анара Беккулиева өз кызматын министрдин орун басары рангына теңеген маалымат даярдап, аны министрдин орун басары  Амангелди Исаев тастыктаган маалым кат даярдашкан.

Мындан тышкары, КР айыл чарба министрлиги  «КР  мамлекеттик органдардын тышкы саясаттагы мамилелери» тууралуу мыйзамды бузушкан.Эреже боюнча, эл аралык жарманкеге катышуу тууралуу байланышты ТИМ жүргүзмөк. Анын ордуна, Айыл чарба министрлиги жарманкенин уюштуруу тарабына өздөрү түз чыгышкан.   

Учурда Башкы прокуратура  премьер-министрдин атына маалымат берип, анда мыйзам бузууларды жоюуга жана күнөөлү жактарды жоопко тартуу боюнча  өтүнмө келтирди. 

Тэги: Минсельхоз подлог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу