Казахстандын ырчы-чоорчулары ушул жылдын I-кварталында 3.4 млрд теңге киреше табышкан. Бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 34.4% көп. Бул тууралуу inprom.kz.билдирди.
Концерттик ишмердик Казахстанда кирешелүү болууда. Алсак, чыгармачылыктын 33.2% концерт берүү түзсө, искусство менен көңүл ачуу былтыр болгону 27.7% гана жеткен. Негизги кызмат көрсөтүү сигменти театралдык ишмердик — 45.9% болгон.
Жылдан жылга казахстандыктар концертке кызыгуусу артып келет. 2018-жылы андан түшкөн киреше 26.5 млрд теңге жетип— дароо +30.5% 2017-жылга кошулган.
былтыр концерттин саны өсүп, 7% — 7 миң көңүл ачуучу программалар элге тартууланган. Бул концертке жаштарга караганда орто жаштагылар көп барып, балдардан дагы көп барганы аныкталган. Тилекке каршы, балдарга арналган концерттердин саны жылына 3.4% кыскарып, Казахстан боюнча болгону 1.1 миң гана балдар концерти уюштурулган.