Россия боюнча Москвада банкрот болгондор көп

15.05.2019, 10:56 Акчабар
Россия боюнча Москвада банкрот болгондор көп

 2019-жылдын  I-кварталы боюнча  россиялыктардын арасында  764.72 миң адам банкрот деп таанылып, ал жалпы карыз алгандардын 1.3% түзөт. Банкрот болуп карызын төлөй албагандардын орточо карыздары 1.74 млн рубль.Былтыркы жылга салыштырмалуу банкрот болгондордун саны  11% өскөн. бул тууралуу Бириккен Кредиттик Бюро ( Объединенным Кредитным Бюро (ОКБ) )  «Федресурс» мсенен биргеликте изилдөө  жасаган. 

Жеке  ишкер жана жеке компаниясы бар ишкерлерге карата  банкрот деп таануу процедурасы  48%  өскөн. «Банкроттошу продедурасы»  мыйзамы менен Россияда  107.6 миң адам колдонгон.

«Ингушетияда ачылган эсептери менен банкрот болгондордун саны– 3.2%, Бурятияда – 2.5%, Магадан областында – 2.4%, Карачай-Черкесияда – 2.3%, Саха республикасында (Якутия) –  2.2% жеткен. Бирок, Россиядагы потенциалдуу банкротчулар Москва шаарында – 72.38  миң адам болуп катталды, Москва облусунда – 54.37 миң адам, Санкт-Петербургда – 41.77 миң, Краснодар аймагында – 33.1 миң  адам жана  Свердлов  областында – 27.8 миң адам», – деп жазылган изилдөөдө. 

Реалдуу банкрот болуп, баардык байлыгынан кол жууйт деген адамдардын саны менен карасак, 2019-жылы Москвадагы банкрот болуучулардын саны  – 1 миң 33 адам, Москва  областында – 778 адам, Санкт-Петербургда – 624 адам, Башкортостанда – 569 адам жана Самара областында – 567 адам. 

 Крымда эң төмөнкү көрсөткүч – 0.2%, Севастополда – 0.3%, Ненецкий АА  менен Чеченстанда – 0.4%,  Алтай аймагы  менен Курск областында –  0.7%.

 

Тэги: банкротство Россия бизнес экономика финансы исследование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу