Таджикстанда доллар таңсыктыгы байкалууда

21.05.2019, 10:50 Акчабар
Таджикстанда доллар таңсыктыгы байкалууда

 Таджикистандын валюталык рыногунда акыркы убакта доллардын таңкыстыгы сезилүүдө.Учурда коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайларында доллар жетишсиз болуп, чектелген көлөмдө алмаштыруулуда.Ар бир адамга $200 ашык берилбей жатат. Бул тууралуу news.tj.билдирди. 

Бирок, улуттук валютаны  долларга алмаштыруу «көмүскө рынокто» кызуу жүрүүдө: анда чектөө жок болгону менен алда канча жогорку курста сатып алса болот. Эгерде банктарда америка доллары  9.45 сомони болсо, көмүскө соодада бир доллар үчүн  10 сомони сатылат. 

 Таджикистандын Улуттук банкы американын акчасына эмнеге таңкыстык жарыяланганын билдирди. Анткени, терс сооданын айынан таңкыстык жаралган (анткени экспортко караганда импорт) басымдуу болгон. Бул өлкөдөгү коммерциялык ишмердик менен өндүрүштөгү сезондук көрүнүшко дагы байланыштуу. 

 

«Мындан тышкары мамлекеттин стратегиялык курулуш иштерине валюталарды колдонуусу жана тышкы карыздарды төлөө мөөнөтүнө дал келгендиктен, валюта рыногундагы алмаштырууга таасир этүүдө », — деп билдирди Таджикстандын Улуттук банкы. 

Тэги: доллары Нацбанк валюта финансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу