2019-жылдын январь-август айларындагы жыйынтыкты карасак ЕАЭС айыл-чарба продукциясын өткөн жылга салыштырмалуу 2.6% көбөйтүп, 56 млрд. 777.5 млн. $ түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономика комиссиясында айтылат.
ЕАЭС мамлекеттер ичинен Армениядан (-6.5%) сырткары, 2018 – жылга салыштырмалуу айыл-чарба продукциясы жакшы өнүккөн. Анын ичинен Казакстанда – 3.6%, Белорусияда – 2.8%, Россия – 2.6% жана Кыргызстанда 1.6% өскөн.
Аны менен катар Кыргызстанда мал чарба өндүрүшүнүн бардык негизги түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр жакшы натыйжа берген. Бодо мал жана үй канаттуулар 1.7%, сүт 2.4%, тоок жумурткалары 5.4% өскөн. Натыйжалуу көрсөткүчтөр ЕАЭСтин башка мамлекеттеринде дагы баайкалууда. Армения өлкөсүндө бодо мал жана үй канаттуулардын союму 4.1% азайган.