Апрелде мамлекеттин карызын төлөөгө 2.5 млрд сом бөлүнгөн

03.05.2019, 09:15 Акчабар
Апрелде мамлекеттин карызын төлөөгө 2.5 млрд сом бөлүнгөн

Борбордук казналыктын маалыматына  таянсак, республикалык бюджеттин аткарылышы 2019-жылы  классификация жасап, апрель айында  10 млрд 733 млн 439.2 миң сом суммасында ишке ашырылды.

 Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек акысына – 3 млрд 30 млн 550,9 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 800 млн 321,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 5 млн 16,4 миң сом бөлүндү. Андан тышкары, товарларды жана кызматтарды пайдаланууга – 585 млн 27,1 миң сом, товарларды жана кызматтарды сатып алууга – 81 млн 131,1 миң сом, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө – 95 млн 597,7 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2 млрд 525 млн 320,9 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Тэги: госдолг госбюджет экономика госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу