Кыргызстандын финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылы республикалык бюджеттен Жогорку Кеңешти камсыздоого 48 млн 599.9миң сом, же $696 миң 74.1. каражат коротулган.
Анын көпчүлүк бөлүгү — 72%, же 34 млн 902.9 миң сом, — айлык акыга жумшалган.
Калган акчанын суммалары социалдык камсыздоого — 4 млн 654.4 миң сом, товар менен кызматтарга кетирилген чыгашалар — 7 млн 900.1 миң сом, коммуналдык кызматтарга— 746.9 миң сом, калкка социалдык жардам көрсөтүүгө — 45.7 миң сом жана негизги фонддор үчүн — 350 миң сом.
Республикалык бюджеттин жалпы кассалык чыгашалары 10.5 млрд сомго жетти.
Айтмакчы, 2019-жылдын июнь айына салыштырганда бюджеттин ведмстволорго карата чыгашасы 27.3 млн сомго, же $391 миңге кыскарган.