Жогорку Кеңеш июнда $1 млн сом короткон

03.07.2019, 09:37 Акчабар
Жогорку Кеңеш июнда  $1 млн сом короткон

Кыргызстандын финансы министрлиги 2019-жылы июнь айында  Жогорку Кеңеш кетирген чыгаша 75 млн 924.7 миң сом, же  $1 млн 94.55 миң болгонун билдиришти.

Чыгашанын басымдуу  бөлүгү — 73%, же 54 млн 555.7  миң сом —  айлык акыга кетирилген. 

Калган каражаттар социалдык төлөмдөргө — 6 млн 592.3миң сом, товар сатып алуу же кызмат көрсөтүүгө — 13 млн 750.4 миң сом, коммуналдык кызматтар — 1 млн 8.2 миң сом, социалдык камсыздоо — 6 миң сом жана негизги фонддор — 12 миң сом сарпталган. 

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын I жарымында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 12.6 млрд сом суммасында жумшалган. 

Айтмакчы, 2018-жылдагы июнь айына салыштырганда ведмстволорго кетирилген жалпы чыгашалар  86.9 млн сомго жетип, ал эми бюджеттен  айлык акы алгандардын чыгашасы  254.1 млн сомго кыскарган. 

Тэги: Жогорку Кенеш зарплаты расходы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу