2019-жылдын июнунда эмгек мигранттар Кыргызстанга $191.6 млн которду

19.08.2019, 12:59 Акчабар
2019-жылдын июнунда эмгек мигранттар Кыргызстанга $191.6 млн которду

Астыбыздагы жылдын июнь-айында эмгек мигранттар Кыргызстанга $191.1 млн которду. Которулган каражаттын 98.1% ($187.8 млн) Россия Федерациясынан түштү. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирди.

2019-жылдын май менен салыштырмалуу, которулган каражаттын көлөмү $2.7 млнга кыскарган. Ал айда которуулар Россиядан $2.4 млн жана АКШдан $300 миңге төмөндөгөн.

Эскертсек, бир жылдын ичинде жалпы которуулар $64.9 млнга кыскарган. Эксперттер бул абалды Россия тарабанын акча которууга бир айда 100 миң рубльга чейин чектөө коюлганы менен байланыштырууда. Чектөөлөр Вьетнамга, Кыргызстанга жана Казакстанга коюлган. Бул кадам менен Россиянын Башкы банкы шектүүлүк операциялар менен күрөшүүдө.

Кыргызстандан сыртка которулган каржаттын төмөндөгөнү байкалууда. Май айы менен салыштырмалуу көрсөткүч $8.6 млн төмөндөп $37.8 млн түздү. Которуулар өткөн жылдын июну менен салыштырмалуу $4.5 млн кыскарды. 

 

Тэги: денежные переводы трудовые мигранты Кыргызстан Россия экономика отток финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу