Жасалма акча жасагандарга 17 миң сом айып пул салынат

04.06.2019, 09:45 Акчабар
Жасалма акча жасагандарга 17 миң сом айып пул салынат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөкодекси күчүнө киргендигине байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 214-беренесине ылайык, өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө улуттук валютанын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын акчаларына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, 3-категориядагы айып пул салууга алып келет: жеке адамдарүчүн – 55 эсептик көрсөткүч (б.а. 5 500 сом), юридикалык жактар үчүн – 170 эсептик көрсөткүч (б.а.17 000 сом). 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, эгерде акчанын сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок улуттук валютанын акчаларынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет. 

Улуттук валютанын сүрөттөлүшүнүн өтө чоңойтулган үлгүсү (150 пайыздан кем эмес масштабда) 2000-жылы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкнотто көрсөтүлгөн. 

Ал эми улуттук валютанын сүрөттөлүшүнүн өтө кичирейтилген үлгүсү (50 пайыздан аз масштабда) 2000-жылы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкнотто көрсөтүлгөн.  

Адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук жактан камсыз кылуу максатында, Улуттук банк өзүнүн компетенциясынын чегинде бузууларды жасагандыгы, мыйзамсыз жосундарды аткаргандыгы үчүн белгиленген жоопкерчилик тууралуу алдын ала эскертет.  

 

Тэги: подделка деньги финансы Кодекс о нарушениях нацвалюта Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу