Акыркы үч жылда Кыргыз Республикасында 220 мектеп жана 16 бала бакча курулган

05.09.2019, 10:09 Акчабар
Акыркы үч жылда Кыргыз Республикасында 220 мектеп жана 16 бала бакча курулган

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасында 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

 Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган.

 Жергиликтүү бюджеттин жана тартылган кошумча каражаттардын эсебинен жалпы билим берүүчү мекемелер курулуп жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

 «Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд 133 млн сом бөлүү каралган.

2019-жылдын 1-сентябрына карата 14 мектептин курулушу аяктап, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

 2019-жылдын аягына чейн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпысынан 64 объекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка объекттер бар. Мындан тышкары 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде 15 мектеп, беш саламаттык сактоо объекти жана бир нече башка объект бар.

 Белгилүү болгондой, көп жылдар бою жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселесине тийиштүү көңүл бурулбай келген. Учурда бул маселеге өзгөчө маани берилип жатат.

 Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн алдына жакынкы жылдары авариялык мектептер маселесин толук чечүү милдетин койгон. Коюлган максатка жетүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Тэги: школы Кыргызстан образование госфинансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу