Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер? Казахстанда тогуз талапкер президенттикке ат салышат

29.04.2019, 09:15 Акчабар
Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер? Казахстанда тогуз талапкер президенттикке ат салышат

 Казахстанда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук Шайлоо комиссиясына тогуз коомбук бирикмеден, анын ичинде төрт  саясий партиядан талапкер көрсөтүлгөнүн kapital.kz билдирет. 

Өзүн өзү көрсөткөн торт талапкер  мыйзамдарга жана Борбордук Шайлоо комиссиясынын талаптарына ылайык, учурда колдоо үчүн кол топтоп жүрүшөт. 

Казахстандын 12 областынан 118 миң 140 кол топтогон  талапкер катары каттоого алынат

Калган талапкерлерге карата чечим жакын арада чыгарылат. 

Талапкерлерди каттоо  2019-жылдын 11-майына чейин уланат.

Талапкерлер болгону үч документ тапшыруусу керек:

талапкерди көрсөткөндүгү  тууралуу протокол, 

өзүнүн шайлоого катышуу тууралуу арызы, 

шайлоого катышууга взностук акы -2млн 125 мин теңге.

Учурда төмөндөгү талапкерлер чыгууда:

1. Түгел Сәді-Бек

1955-жылы 1-мартта  Чыгыш -Казахстанга караштуу Амангелди айылында  Улан районунда туулган. аны   «Ұлы дала қырандары»  республикалык биркме  көрсөтүп чыкты. 

2. Тоқаев Қасым-Жомарт Кемелұлы

Учурдагы Президенттин милдеттин аткаруучу  1953-жылы 17-майда  Алма-Атада туулган. Аны  «Nur Otan»  партиячы сүрөп чыккан. 

3. Таспихов Амангельди Сатыбалдиевич

Батыш-Кахахстанда  1959-жылы 20-ноябрда  Кушанкүл айылында  Казтал районунда туулган.  Ал казахстандын профсоюздары тарабынан көрсөтүлгөн. 

4. Еспаева Дания Мадиевна

Ак-Төбө областында  1961-жылы 5-мартта Яйсан Мартук районунда туулган. Аны  «Казахстан демократтар партиясы «Ак жол» көрсөткөн. 

5. Рахимбеков Толеутай Сатаевич

Караганда областынын  1964-жылы 16-июлда Атасу  посологунда Жанарк районунда  « «Ауыл» элдик демоктратиялык кыймылы талапкерлигин сунуштаган. 

6. Ахметбеков Жамбыл Аужанович

Ак-Моло областына караштуу Жантеке айылында  1961-жылы 11-февралда туулган. Аны   «Казахстандын коммунистер партиясы»  колдошкон. 

7. Косанов Амиржан Сагидрахманович

Кызыл-Ордда областын Арал районундагы Сапак станциясында   1964-жылы 13 майда туулган.  «Ұлт тағдыры»  кыймылы колдоого алышкан. 

8. Ергалиев Талгат Файзуллиевич

Ак-Моло областынын Жантеке айылында  1966-жылы 15-июлда туулган.  Ал  «Казахстандын курулушчулар бирикмеси» тарабынан көрсөтүлгөн.  

9. Алиев Жуматай

Жамбыл областынын Байкадам айылында  1952-жылы 20-июнда туулган.  Аны  «Халық демографиясы» биркмеси сурөп чыккан. 

Тэги: выборы Казахстан кандидаты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу