Бишкекте жаңы завод ачылды

15.05.2019, 12:49 Акчабар
Бишкекте жаңы завод ачылды

Бүгүн  Эркин экономикалык аймакта радиатор  чыгарган завод ачылды. Ага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  ачылуу аземине катышып келди. 

Кыргызстандагы кара  металлдарды кайра иштетүү башталды. Ишкана 6 гектар жерге жайгашып, ал Кытай инвестициясы менен ачылган. Азыр 100 жумушчу  иштесе, келечекте 700 адам менен жумуш менен камсыздоо болот. Ишканадан чыккан продукция ЕАЭБ рыногуна экспортко чыгарылат. 

«Бул жаңы технологиялар менен чыгарылгандыктан, аны Евразия Экономикалык аймагында эркин эле сатууга болот. Анткени, ал мыкты сапаттагы  коңшу мамлекеттерде жок продукция»-деди Өкмөт башчы.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиотор чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча теңдеши жок деп эсептелет.

Заводдо куюучу, механикалык, боёо, таңгактоо цехтери жана даяр продукция кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 700дөн ашуун жумуш ордун түзөт.

Заводдун продукциясы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого багытталган.

Учурда «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 303 субъект иштейт, алардын ичинен 69 у – өндүрүшчү.

«Бишкек» субъекттери 123 аталыштагы товар өндүрөт, анын ичинде 63 түрү чет жактарга экспорттолот.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу