Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Улуттук банктын төрагасы менен бизнес-омбудсмендер институтунун делегациясынын жетекчиси Робин Орд-Смит менен жолугушуусу болду.
Жолугушууда институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылды жана бирге кызматташуу боюнча суроолор талкууланды.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Орд Смит жана анын командасы соода-өнөр-жай палатысынын ишкерлери үчүн презентация өтүшкөн жана ошондой эле салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, экономикалык мунапыс жана башка маселелерди талкуулоого катышышкан.