«АБН» жана «Салым Финанс» облигацияларды сатууну аяктады

17.01.2022, 09:02 Акчабар
«АБН» жана «Салым Финанс» облигацияларды сатууну аяктады

Өткөн жылдын декабрь айында “АБН” жана “Салым Финанс” микрофинансылык компаниялары тиешелүүлүгүнө жараша 3 жана 6-чыгарылыштагы облигацияларды жайгаштырууну аякташкан. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасында жарыяланды.

Алсак, декабрь айында “АБН” аукционду жыйынтыктап, 20 млн сомдук облигацияларды фондулук рынокко чыгарган. Аткарылган деп табылган эмиссиянын жалпы суммасы 30 млн сомду түзөт. Ушуга байланыштуу 11-январда “AБН” МФК номиналдык пайыздык облигациялардын үчүнчү чыгарылышынын жыйынтыгын жайгаштыруу жана каттоо аяктагандыгын жарыялады.

Белгилей кетсек, 5-ноябрда аталган компания облигацияларын биржага жайгаштырган.

Декабрь айында 6,3 млн сомго баалуу кагаздарды жайгаштыруу менен “Салым Финанс” МФК облигацияларынын 6-чыгарылышын сатууну жапты. Айта кетсек, микрофинансылык компания тартууну пландаган сумма 100 млн сомго бааланган. Белгиленген көрсөткүчкө жетүү үчүн “Салым Финанс” ишканасына 2,2 млн сом жетпей калган.

Кошумчалай кетсек, “Биринчи металл базасы” ЖЧКсы да рынокко жылдык 16% кирешелүүлүк менен көлөмү 100 млн сомду түзгөн 6 эмиссиялык облигациялары менен чыкты. Декабрь айында компаниянын облигацияларын сатуунун көлөмү 15,2 млн сомду түзгөн.

Тэги: облигации фондовый рынок Кыргызстан деньги инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу