Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга эки долбоорду ишке ашырууга 120 млн доллар каражатты кайтарымсыз берет. Бул тууралуу Asia-Plus порталы билдирди.
«10 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык долбоор туризм багытына», — деп жазылат маалыматта.
Дагы 110 млн доллар Обигарм — Нуробод автожолунун 30 чакырымын курууга, дагы 30 чакырым өлкөнүн түндүк-чыгышын бириктире турган аймактын жолдорун салууга жумшалат.