АӨБ жер көчкү коркунучун азайтуу үчүн Кыргызстанга 35 млн доллар бөлөт

15.07.2021, 16:00 Акчабар
АӨБ жер көчкү коркунучун азайтуу үчүн Кыргызстанга 35 млн доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы жер көчкү коркунучун азайтууга жардам берүү үчүн 35 миллион долларлык каржылоо пакетин бекитти. Бул тууралуу аталган банктын сайтында маалымдалды.

Топтом 23,5 миллион долларлык грант жана 11,5 миллион доллар насыядан турат. Долбоордун алкагында экологиялык таза чечимдер, анын ичинде өсүмдүктөрдүн калыбына келиши, жыгачтарды сактоочу жана дренаждык курулмалар бар.

Мындан тышкары, жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу боюнча келечектеги иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жер көчкү коркунучун башкаруучу гендердик жол картасы иштелип чыгат. Бул жер көчкүнүн коркунучун баалоо, азайтуу жана көчүрүү маселелери боюнча өкмөттүн жана коомчулуктун кызыкдар тараптарынын дараметин жогорулатуу менен коштолот.

Тэги: Кыргызстан АБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу