АӨБ Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар

17.05.2022, 09:00 Акчабар
АӨБ Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинде министр Данияр Амангелдиев менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азиядагы мамлекеттик башкаруу, каржы сектору жана соода боюнча директору Тарик Ниязинин жолугушуусу өттү.

Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы кызматташуу, ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаалдын маселелери талкууланды. Амангелдиев министрликтин ишмердүүлүгү, атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, фискалдык саясатты реформалоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Тарик Ниязи АӨБнын антикризистик чараларды каржылоо боюнча техникалык жардамын бекитүү жана дүйнөдөгү кризиске байланыштуу экономиканы диверсификациялоо боюнча үч программаны ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле МЖӨ өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта министрлик менен АӨБ адистеринин ортосундагы кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдештирүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында экономиканы диверсификациялоо программасын мындан ары илгерилетүү жана электрондук коммерция, аялдардын ишкердигин колдоо, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү сыяктуу долбоорлорду кароо боюнча макулдашууларга жетишилди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Тэги: ГЧП Минэкономики Кыргызстан АБР экономика партнерство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу