КР атамкендик бизнести өнүктүрүү боюнча эффективдүү иш аракеттер жок

14.03.2019, 14:30 Акчабар
КР атамкендик бизнести өнүктүрүү боюнча эффективдүү иш аракеттер жок

Кыргызстандын Премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев  министрлер менен кеңири жыйын өткөрдү. Анын айтымында өкмөт менен бизнестин ортосунда  ЕАЭБ кирген мамлекеттерге атамекендик товарларды  экспорттодо бирдиктүү иш аракет жасабай келет.   

Мындан тышкары чечилбеген көп маселелер бар. 

«Биринчи кезекте түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү. Ошол эле маалда ата мекендик товарларды жана айыл чарба продукцияларын экспортто жасалбай жатат. Менимче атамекендик товарлар менен айыл чарба азыктарын министрлик, ведомстволор, ошондой эле бизнестин ортосунда  ЕАЭБ мамлекеттерине сыртка алып чыгууда алгылыктуу аракеттери жок» — деп билдирди Абылгазиев.

Премьер   ЕАЭБ алкагында экспортко басым жасалат. Инвестиця тартып, жаңы жумуш орундарын түзүү,  калкка көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатуу. Анын айтымында мамлекет менен жеке жактардын биргелешип ишке ашыруучу жаңы долбоорлорду кечиктирилип, инфестициялык лот бир нече жылдан бери айтылып, бирок, ишке ашпаганын билдирди. ,

« Кен казуу тармагындагы  каталарды ондоп, айрыкча лицензиялар менен лицензиялык келишимдерди  кылдат кароо зарыл» — деп кошумчалады Абылгазиев.

Тэги: бизнес ЕАЭС Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу