Абылгазиев: Эң башкы милдетибиз – жарандардын саламаттыгы, экинчи багыт - экономикалык блок

21.03.2020, 12:02 Акчабар
Абылгазиев: Эң башкы милдетибиз – жарандардын саламаттыгы, экинчи багыт - экономикалык блок

Бүгүнкү күндөгү эң башкы милдет – бул биздин жарандардын саламаттыгы. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖК Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай жагдай оор. Бул тууралуу ачык айтуу керек. Биз бюджеттин бажы алымдары боюнча түшпөй калышы 12-13 млрд сомду, салык боюнча 15 млрд сомдон көп сумманы түзөөрүн болжолдоп жатабыз. Жалпысынан алганда, учурдагы кырдаал өзгөрбөсө, анда бюджетке 450 миллион АКШ долларына жакын түшпөй калат. Ошону менен бирге белгилей кетсем, биз бардык багыттар боюнча социалдык милдеттенмелерди аткарабыз. Бирок бул бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо боюнча чечкиндүү талаптарды жана биз аткара турган чыгышалар беренелерин кайра кароону талап кылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Өкмөт жардам берүүгө даяр эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү иштөөнү демилгеледи. 

Премьер-министр ар бир тармак боюнча антикризистик программанын алкагында иш аракеттердин так планы даярдаларын белгиледи.  

«Бүгүнкү күндө эң башкы милдет - бул жарандарыбыздын саламаттыгы. Экинчи багыт - экономикалык блок, валюта рыногу,   күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн тартыштыгына жана баасынын жогорулашына жол бербөө», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тэги: Абылгазиев эң башкы милдет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу