Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды

25.02.2020, 17:50 Акчабар
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Абылгазиев өз сөзүндө, буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жаткандыгын, андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланарын билдирди. 

«Жаңы үлгүдөгү паспорттор 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган - «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Өкмөт башчы Калкты тейлөө борбору – 2нин ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти. 

Ал ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү.

 

 

Тэги: Абылгазиев калкты тейлөө борбору-2 паспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу