Абылгазиев: Учурга байланыштуу ишкерлерге болушунча шарт  түзүп беребиз

19.03.2020, 10:30 Акчабар
Абылгазиев: Учурга байланыштуу ишкерлерге болушунча шарт  түзүп беребиз

Учурдагы абалга байланыштуу ишкерлерге болушунча шарт түзүп беребиз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 19-марттагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. 

«Коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу бизнеске терс тааисрин тийгизбөөчү бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Эң башкы өнөктөш мамлекеттер менен болгон чек араны жабуу - бизге дагы оңой болгон жок. Өзбекстан, Казакстан, Россиянын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, бизнести бардык жактан колдоого, эч кандай чектөө койбоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ишкерчилигин жүргүзгөн жарандардын ден-соолугун, саламаттыгы текшерилет. Бирок, соодасы токтотулбайт. Буга байланыштуу товарлардын баасына карата мселе жаралышы мүмкүн, бирок товар жок болот, калбай калат деген коркунуч жок», - деп билдирди өкмөт башчы.  

Учурда Ош шаарында күнүнө 70 миңден ашуун беткап өндүрүлүп жатат. 

«Медициналык беткап бир гана Кытайдан өндүрүлгөндүктөн же керектелүүчү материалдар Кытайда чыккандыктан, чек ара жабылган соң учурда өлкөдө беткап тартыштыгы жаралып жатат. Ошол себептен өзүбүз беткап өндүрүучу ишкананы  Ош шаарында ишке киргиздик. Учурда Оштон 70 миңден ашуун беткап өндүрүлүп жатат. Буга чейин бизде болгон 3,5 млн даана беткап 3 күндүн ичинде сатылып кеткен», - деп кошумчалады премьер-министр.  

 

Кечээ, 18-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 жаранынан коронавирус илдети аныкталган. Белгилүү болгондой, алар 12-март күнү Умра кичи ажылык сапарынан келишкен. 

Тэги: Абылгазиев премьер-министр медициналык беткап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу