Абылгазиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

10.03.2020, 09:05 Акчабар
Абылгазиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар Кыргызстан - Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти.

Тэги: Абылгазиев Россия өкмөтү Мишустин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу