Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы Москва-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл аэропорту алгачкы жүргүнчүлөрдү 16-июнда тосуп алат. Мындан ары аба каттамдары жумасына эки жолу - бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Каттамдарды Airbus A320 тейлейт.