«Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбооруна 3 млрд сом бөлүндү

23.03.2023, 09:48 Акчабар
«Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбооруна 3 млрд сом бөлүндү

Быйыл март айында "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жалпы суммасы 3,0 млрд сом акча каражат бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Долбоорду ишке ашыруучу үчүн “Айыл Банк” жана “РСК Банк” тарабынан күрөөсүз жеңилдетилген насыя 3-5 жылга чейин 6% менен берилет. 

Мындан улам; 

  • "Айыл Банк" ААК-1,5 млрд. сом;
  • "РСК Банк" ААК-1,5 млрд.сом.

Долбоордун максаты - азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында сүт, эт шекер, жумуртка, картошка, жашылчалар, жемиштер жана дан эгиндеринин кластерлери жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, кошумча түзүлгөн келишимдердин негизинде балык, бал, жүн, пахта жана жаңгак мөмө өсүмдүктөрүнүн кластердик бирикмелери түзүлүүдө. 

Агроөнөр жай комплекси кошумча нарк чынжырчасында иштеген фермерлердин, агроөнөр жай ишканаларынын, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода логистикалык борборлордун кластердик бирикмелеринен түзүлөт. 

Эске салсак, быйыл Айыл чарба министрлиги бул долбоорго 3,5 млрд бөлүнгөнүн белгилеген. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы да аталган долбоорго 3,5 млрд сом жумшалган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу