«Айыл Банкка» 23-жыл: Банк менен бирге өстүм

22.07.2019, 15:24 gulmira umetalieva
«Айыл Банкка» 23-жыл: Банк менен бирге өстүм

Бүгүн «Айыл Банк»  23-жылдык ишмердигин белгилеп жатат. Ал Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясынын (КАКК) укук мураскери катары 2006 жылы декабрь айында түзүлгөн. КАКК Дүйнөлүк Банктын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1997 жылы түзүлгөн. Учурда Кыргызстандагы ири банктын башталыч тарыхына кайрылып, кызматкерлердин эскерүүсү аркылуу эске салабыз. Айыл Банктын башталгыч тарыхында, түптөлүүсүндө турган кызматкерлер эскерип, алар баскан жолду элдин эсине салышты. Бул жолку маектешибиз «Айыл Банктын» Ош облустук башкармалыгынын башчысы Ибираим Жороев.

-Сиз банкка качан келдиңиз эле? Ал күн эсиңиздеби?

1998-жылы Ноокаттагы райондук казналыкта иштөөчүмүн. Анда Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясы жаңы уюшулуп жаткан. Ал кезде компьютерде иштеген жаш адистер керек эле. Ошол жылдары Ж. Абраимов Ноокатта бул корпорациянын өкүлчүлугүн жетектеп баштаган. Ал киши мага кызмат сунуштап, кийин жакшы устатым болуп калды. Жаңы түзүлгөн корпорацияга кетүүгө ишендирип, жаңы жерде баардык башталган иштердин башында турууга мүмкүндүк берди.  

Алгач, эки ай Бишкектеги башкы кеңседе тажрыйба топтодум. Кийин семинар менен билим алуу токтогон жок. «ТАСИС» долбоору аркылуу окуп, эл аралык адистикке жетиштим. Жаңы жерде иштөө абдан кызык болду. Анда жамаат дагы чакан эле. Семинарда баардык кызматкерлер чогулаар эле. Ар бир семинарды адистер чыдамсыздык менен күтөөр элек.

Эмнелер эсиңизде калды?

Өткөнгө кайрылып, карьералык жактан жогорулоо болгонун айта алам.  Ар бир эки же үч жылда кызматтарым алмашып туруду. Эки жыл кредиттик адис катары иштеп, 2000-жылы Кара-Суу райондук башкармалыкта алдынкы адис болдум. 2003-жылы Ош областык фиалында башкы адис болуп дайындалдым. 2005-жылы  «Айыл Банктын» Баткен областын жетектедим, 2009-жылы  Ноокат  филиалына башкарууга келсем,  2011-жылдан бери «Айыл Банктын»  Ош филалын жетектеп келем.

Банк сиздин жашоого кандай таасир этти?

Банкта 21-жылдан бери  иштеп жүрүп, Кыргызстандын баардык аймактарынан дос күттүм. Абдан кызык адамдар менен жолугуштум.

Айыл Банкта иштегениңизге сыймыктанасызбы?

Мен банк менен чогуу өстүм. Ошондуктан сыймыктанам. Банктын башатында болуп, анын  ири банкка  айланган тарыхына аралашып, элибизгге кызмат кылып келебиз. 

Банктагы эсте калган учурлар менен бөлүшсөңүз

Банкта эсте калган учурлар көп. Банктын 3-жылдыгын белгилегенде Ысык-Көгө баардык жамаат чогулган эле. 2003-жылды эстейм. Ал жылы Дүйнөлүк банктын президенти Джеймса Вульфенсон Кыргызстанга келип, биздин банкка келген. Ошондо, алардын Ош областындагы сапарын уюштурууга катышкам. Ошондой эле, 2006-жылы   Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясы «Айыл Банкка» айланган учурлар абдан маанилүү. 

Дегеле,Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясы түзүү  тарыхый чечим болгон. Анткени биздин корпорациянын ишине  байланыштуу  айыл чарбасына пайда келтирилди. Анткени, Союз тараганда кредит алуу, аны кайтаруу абдан баш аламан болуп калган. Алынган насыялар кайтарымсыз болчу. Ал эми айыл чарба корпорациясы  элге насыя алууну бизнес-план түзүүнү  үйрөтүп, каражаттарды максаттуу  пайдаланууга үйрөттү.

"Айыл Банк мен үчүн — бул...."

Бул менин жашоом, жактырган жумушум, досторум...

“Айыл Банк” ААК Кыргыз Республикасынын ири банктарынын санына кирет жана 23 жылдан бери айыл чарбаны каржылаган негизги каржы-насыялык мекеме болуп эсептелет.

Банк Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясынын (КАКК) укук мураскери катары 2006 жылы декабрь айында түзүлгөн. КАКК Дүйнөлүк Банктын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1997 жылы түзүлгөн.

Банктын акционери болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан КРдын Мамлекеттик Мүлк Министерствосу саналат. 2008-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) Банктын 67% жөнөкөй акциясын приватташтыруу жөнүндөгү чечимди кабыл алды.

1997-жылдан баштап 2006-жылга чейинки мезгилдин ичинде, Банк адистештирилген каржы-насыялык мекеме катары иштеген жана анын негизги операциясы болуп айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоо болуп эсептелген. КАКК Банк болуп өзгөргөндөн кийин, Улуттук Банк тарабынан банктык тейлөө кызматтарынын бардык салттуу спектрине чектемелер менен лицензия берилди.

2008-2010 жылдардын ичинде Банк лицензиядагы чектемелерди алууга багытталган бир катар иш чараларды жана салттуу банктык тейлөө кызматтардын өндүрдүсүн жүргүзду. Чектемелерди алуу жана лицензияны кеңейтүү этап боюнча жүргүзүлдү жана азыркы убакытка көбүнчө чектемелер алынды.

Банк Кыргызстандагы айыл чарбаны каржылоо боюнча көбүнчө мамлекеттик жана эл аралык доолборлордун катышуучусу болуп эсептелет.

 

Банктын негизги инвестициялык донорлору жана шериктештери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Дүйнөлүк Банк (Өнүктүрүүнүн Эл аралык Ассоциациасынын долбоорлору: “Айылды каржылоо” жана “Агробизнес жана маркетинг”);

Азия Өнүктүрүү Банкы (айыл чарба бөлүмүн өнүктүрүү долбоору);

Европалык Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы (чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү долбоору);

Кыргызстандагы «Райфайзен» кооперативдерин өнүктүрүү фонду

Кыргызстандагы Банктарды Кайра каржылоонун Адистештирилген Фонду, ПРООН жана башка каржы институттары.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу