Айыл чарба тармагынын дүң продукциясы 2020-жылдын январь айында 7,7 млрд сомду түзгөн

26.02.2020, 09:10 Акчабар
Айыл чарба тармагынын дүң продукциясы 2020-жылдын январь айында 7,7 млрд сомду түзгөн

Айыл чарба, токой чарба, балык чарба тармактардын дүң продукциясы 2020-жылдын январь айында 7 млрд 736,2 млн сомду түзгөн. Бул маалымат Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында жазылат. 

Муну менен катар физикалык көлөмдүн индекси 101,4 пайызды түзгөн. 

2020-жылдын январь айында айыл-чарба тармагыннын продукциясынын жалпы көлөмү төмөндөгүчө болгон: мал-жандык 97,9 пайыз, өсүмдүк - 0,6 пайыз, токой-чарба - 0,1 пайыз, балык чарба - 0,3 пайыз жана башка кызматтар 1,2 пайызды түзгөн. 

Дыйкандардын, фермерлердин жана жарандардын жеке чарбасынын продукциялары 97,1 пайызды түзгөн. 

2020-жылдын январь айында айыл-чарба тармагынын дүң өндүрүмүнүн өсүшү, мал-жандыктардын өсүүсү менен шартуу болгон. 

Тэги: айыл чарба дүң продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу