Кыргызстандын айыл чарба товарларына бардык чек аралар ачылды. Жаңы айыл чарба министри иштей алабы?

19.06.2019, 08:34 Акчабар
Кыргызстандын айыл чарба товарларына бардык чек аралар ачылды. Жаңы айыл чарба министри иштей алабы?

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарбасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчыга жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, жеңилдетилген насыя аркылуу айыл чарбасын каржылоо жана лизингге айыл чарба техникасын берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдалды. Белгиленгендей, насыя берүүдө продукциясын жеткирип берүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен келишим түзүп койгон чарбалык субъекттер артыкчылыктуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Премьер-министрге башкаруу түзүмдөрүн реформалоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана тышкы рынокко сатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган өзүнүн программасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба продукциясын илгерилетүү жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу иштин артыкчылыгы болуп саналат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, элеттин эмгекчилеринин министрликтин дарегине айткан сын-пикири жөндүү, ведомствонун жаңы жетекчилигинин алдында тармакты өнүктүрүү, заманбап агрардык технологияларды киргизүү, сугат жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасы үчүн зарыл шарттарды түзүү, дыйкандарды колдоо маанилүү милдеттери турат.

«Калктын 70% айыл жеринде жашайт дейбиз, демек, айыл чарбасын реформалоо жана агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү жарандарыбыздын көп бөлүгүнүн жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Бирок көп жылдар бою айылдагы элибиз өзү менен өзү болуп, талыкпаган эмгеги менен гана бардык кыйынчылыктардан өтүп келди. Бүгүнкү күнү Өкмөт таасирдүү чараларды ишке ашырууга максатталган жана бул үчүн маанилүү жыйынтыктарга жетишип, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экспорттоо маселеси принципиалдуу түрдө чечилди. Тагыраагы биздин айыл чарба товарларыбыз үчүн бардык чек аралар ачылды. Насыяга бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн көбөйтүү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Муну менен катар биз финансы мекемелеринин алдына конкреттүү милдеттерди койдук. Алар айыл чарбасын өнүктүрүү шарттарын түзүп жана берилген насыяларды пайдаланууну дыкат талдоо жүргүзүүгө бардык күчүн жумшоого тийиш», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Ыйгарым укуктарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн сиздерге бардык шарттар түзүлөт жана тийиштүү саясий колдоо көрсөтүлөт. Силер министрликтин түзүмүн оптималдаштырууну камсыздап, таасирдүү жана мобилдүү команданы түзүп, бардык керексиз кайталанган түзүмдүк бөлүктөрдү жоюп, ошол эле учурда суроо-талап эң жогору багыттарды күчтөндүрүшүңөр керек».

Айдоо жерлерин киргизүү боюнча иштерге токтолгон Премьер-министр аларды суу ресуртары менен камсыз кылуу жана жерлерди комплекстүү мелиорациялоо маселелерин сапаттуу иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи, бул айыл чарба продукцияларын туруктуу түрдө сапаттуу өнүктүрүүнүн чечүүчү  шарты болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр айыл чарба тармагын реформалоо боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөө жана аймактарды өнүктүрүүдөгү айыл чарба чөйрөсүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу