Токтогазиев: Кыргызстан ЕАЭБдин таштанды өлкөсүнө айланып калды

15.05.2020, 17:15 Акчабар
Токтогазиев: Кыргызстан ЕАЭБдин таштанды өлкөсүнө айланып калды

Айыл-чарба тармагындагы жасала турчу эң чоң реформалардын бири - бул контрабанданы жоюу. Бул тууралуу Кыргызстандагы теплица Бирикмесинин өкүлү, активист Тилек Токтогазиев «Акчабардын» «Айыл чарба тармагына кандай реформа керек?» деп аталган түз эфиринде маек берип жатып билдирди. 

«Контрабанда, коррупция Кыргызстанда күчөп кеткендиктен учурда аны менен күрөшүү өтө эле оор болуп турат. Контарабанданын 80-90% айыл чарба тармагына тийиштүү. Мунун аркасы менен бир гана өлкөнүн бюджети аңтарылбастан, элибиздин ден-соолугуна дагы зыян келтирилип жатат. Мисалы, башка өлкөлөрдө сапаты жагынан начар болуп, сертификаттан өтпөй калган жер-жемиштер Кыргызстанга коррупция аркылуу өтүп,  жергиликтүү дыйкандарга дагы атандаштыкты жаратып, андан сырткары начар азык-түлүк менен элди камсыз кылып жатышат. Статистикага таянса, элибиздин 60% учурда ден-соолугу начар. Ошол себептен контрабанда менен күрөшүү үчүн бийликтегилер реалдуу кадамдарга баруусу зарыл», - деп билдирди Тилек Токтогазиев. 

Буга жооп катары эл өкүлү, вице-спикер Мирлан Бакиров учурда ЕЭБдин алкагындагы эркин соода жүгүртүүнү контарбанда катары түшүнүп албоо керек деген пикирин билдирди. 

 

«ЕАЭБдин алкагында контрабанда деген түшүнүк жок. Эркин экономикалык соода жүгүртүү бар. Буга байланыштуу 2019-жылы айыл чарба тармагындагы экспорттун көлөмү 289 млн долларга жеткен. Албетте, контрабанданын айыл-чарба тармагына тийгизген таасирлери дагы бар. Бирок, биз ички ресурстарды туура пайдаланышыбыз керек. Мисалы: пайдаланбаган жерлерди туура иштетип, асылдуулугу төмөн жерлерге бак-дарактарды тигүү, кооперативди түптөө сыяктуу иштерди алып баруубуз керек. Тилекке каршы бизде чарбалар өтө эле майдаланып кеткен, мына ошолорду бир системага алып келип, мурункудай колхоз, совхоздун аналогу болуусу керек», - деп айтты эл өкүлү. 

 

Активист Тилек Токтогазиев эл өкүлүнүн бул пикирине кошулбаарын билдирип, тескерисинче Кыргызстан ЕАЭБдин таштанды өлкөсүнө айланып калганын айтты. 

«Кыргызстан ЕАЭБдин таштанды өлкөсүнө айланып калды. Себеби, өлкөгө бир гана сапаты начар азык түлүктөр эмес, мөөнөтү өтүп кеткен дагы азыктар дагы өтүп жатат. Бул товарлардын сыртындагы чыгарылган жана бүткөн мөөнөтүн атайын химикалык зат менен өчүрүп, кайра лазер менен жаңыртып жаздырып коюшарын, буга чейин "Не сахар" аттуу телеберүүдө дагы факты менен көрсөтүлүп берилген. Контрабанда бир гана Кыргызстанда эмес, бүт өлкөдө бар. Эл өкүлү айткан эркин соода жугүртүү дегенге ал башка сөз, менин айтып жатканым Кыргызстанга жогоруда айтылгандай сапаты начар азык-түлүктөрдүн өтүп жатканы жан кейитерлик көрүнүш», -  деп кошумчалады Токтогазиев. 

 

«Бай Тушүм Банкынын» өкүлү Бекмурат Жетигенов түз эфирде билдирип кеткендей, учурда дыйкандарга 10% менен жеңилдетилген насыялар берилип жатат. 

«Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилип жатат. Ал үчүн жери тууралуу, мал-жандыгын тууралуу тастыкталган документтин болуусу шарт. 2020-жылдын I кварталында дыйкандарга жалпысынан 500 млн сомго насыя берилди», -  деп билдирди «Бай Түшүм Банкынын» өкүлү. 

 

Өз сөзүндө эл өкүлү Мирлан Бакиров айыл чарба тармагы боюнча өткөрүлгөн бир катар мыйзам долбоорлор демилгечилер тарабынан сөзсүз көзөмөлдөнөрүн айтты.

Андан сырткары, активист учурда дыйкандар үчүн  жеке демилгеси аркылуу окутуу иштери жүргүзүлүп жатканын жана ата мекендик өндүрүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизе турган мыйзам долбоору жазылып, өкмөттүн кароосуна берилгенин баса белгилеп өттү. Эгерде мыйзам парламенттин VI созывы менен кабыл алынып калса, анда дыйкандар үчүн жакшы колдоо болуп берерин айтты. 

 

Мындан сырткары, «Акчабардын» түз эфирине Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиориация министрлигинен эки өкүл чакыртылган. Бирок, алар белгисиз себептерден улам маек берүүдөн баш тартышты. 

 

Тэги: айыл чарба тармагы Тилек Токтогазиев Мирлан Бакиров Бай Түшүм Банкы контрабанда коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу