«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

10.03.2020, 11:30 Акчабар
«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун өзгөчөлүгү 11 айыл чарба продукциясына артыкчылык берилип, «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагына пайыздык үстөк жылына 6% белгиленген.

«Дыйкандар насыяларды эки мамлекеттик жана үч коммерциялык банктардан ала алат», - дейт ал.

Керималиев маалымдагандай, насыялардын суммасы:

  1. «АЧК – Фермер»: 150 миң сомго чейин 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо, 150 миң сомдон 400 миң сомго чейин 36 айга чейинки мөөнөткө.
  2. «АЧК – Кластер» – 400 миң сомдон 10 млн сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө;
  3. Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына негизги каражаттарды сатып алууга – 1 млн сомдон 50 млн сомго чейин, 60 айга чейинки мөөнөткө жана жүгүртүү каражаттарына – 36 айга чейинки мөөнөткө берилет.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган.

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо - 8 долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу