«Айыл Банк» 23-жылда:  «Айыл Банк- бул менин жашоом, жалындуу жаштыгым жана үй-бүлөм»

11.07.2019, 11:04 gulmira umetalieva
«Айыл Банк» 23-жылда:  «Айыл Банк- бул менин жашоом, жалындуу жаштыгым жана үй-бүлөм»

Бүгүн «Айыл Банк»  23-жылдык ишмердигин белгилеп жатканда, Кыргызстандагы ири банктын башталыч тарыхына карйылдык. Айыл Банктын башталгыч тарыхында, түптөлүүдө турган кызматкерлер эскерип, алар баскан жолду элдин эсине салышты. Бул жолку маектешибиз «Айыл Банктын» персонал менен иштөө Башкармалыгынын башчысы Жайнагүл Мамбеталиева.  

«Айыл Банкка» келген алгачкы күнүңүз эсиңиздеби?

 «Айыл Банкка»  мен 1998-жылы келдим. Ал учурда Улуттук банктын  «КР банк жарчысы»  газетасында башкы редактор болуп иштөөчүмүн. Ал учурда жаңы түзүлүп жаткан Кыргыз айыл чарба корпорациясына иштөө  сунушу болду. Ал уюм эмне менен алектенет, кандай иш алып барары көпчүлүккө белгисиз эле. Андыктан, жаңы компанияга орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөп, ЖМК менен иштей алган адам керек болуптур. Анткени, бул компанияны элге жайылтуу керек эле. Ошентип, басма-сөз катчысы катары айыл чарба корпорациясын элге тааныта баштадым. Албетте, мага адамдар менен иштеген жаккандыктан, жаңы кызматымды жан дилим менен берилип иштедим.

Албетте,  алгачкы күнүм эсимде. Келээрим менен эле семинарга катышып калдым. Дароо эле жамаат менен тааныштым. Бирок, ал учурда агро тармак тууралуу  маалыматым жок болгондуктан, жумушум оор болоорун сездим. Көрүп тургандай, жүрө-жүрө баардык тоскоолуктардан өтүп, агро тармактын «ийне жибине» чейин билип калдым.

Ал учурда биздин корпорациянын коллективи чакан эле болчу. Болгону 100 адам. Мүмкүн адашып калаармын, бирок ушундай чакан элек. Ижарага алынган тар кеңседе иштеп баштаганбыз. Баарыбыздын каалообуз зор болгондуктан, чыгармачылык менен берилип иштедик.

Банкта башынан бери иштеп келесиз. Сиздин оюңузча, карьералык, жеке өсүү  болдубу? Сиздин катылып жаткан потенцалыныңыз ачылдыбы?

Ооба, албетте. 22-жыл бул узак убакыт. Бул араыкта эки муун өстү. Жеке өзум дагы банк менен бирге өстүм. Жакшы же жаман адам болдумбу? аны өзүм айта албайм. Бирок, адамдар менен иштөө  мага өз таасирин берди. Ал учурда  PR деген түшүнүк жок эле, андыктан пресс-катчы материалдарды кыргыз тилине которуп, маркетинг, реклама жана коомчулук, жалпыга маалымдоо менен  байланышта  болуп, ушул милдеттердин баарын аткардым. Мен ал учурда макалаларды кыргыз тилине которчумун.  Ошондо, көп кыйынчлыктарга туш болдум. Бирок, мен үчүн  бул жакшы тажрыйба болду. Кызыктуу учурлар, тез-тез командировкага чыгуу, жаңы адамдар менен таанышуу. Мунун баары мага жаккан үчүн оорчулугун сезген жокмун. Үй-булөбуздү  көп көрбөй калчу элек, бирок жумушка болгон кызыгуубуз күчтүү  эле. Айрым учурда  суткасына 20 сааттан иштеген күндөр болду. Кийин маркетинг бөлүмүнө которулуп, андан соң, фиалдарды башкарып, акыркы беш жылдан бери HR келдим. Бул жерде кайрадан адамдар менен иштөө. Мага өз кызматым жагат. Ошондуктан, мен үчүн —«Айыл Банк» — ажыргасыз түшүнүк. Көп жылдан бери иштегендиктен, өзүм дагы ушул банктын бир бөлугү болуп, салым кошуп жатканыма сыймыктанам.

Банк сизге жана сизден жеке жашооңузга кандай таасир этти?

Үй-бүлөм, жеке жашоом жумушумдун бир бөлугү болуп, ал учурда тез-тез корпоративдик иш-чараларды уюштуруп турар элек. Азыр биз, банк болуп калгандыктан,ири компания үчун андай иш-чара уюштуруу мүмкүн болбой калууда. Биздин үй-бүлөбуз ишибизди түшүнүү менен кабыл алып, андыктан банк менен биргеликте баардык баскычтарды бирге  бастык.

Айыл Банкта ишегенңизге сыймыктанасызбы? Жаңы таанышып жаткан жерде бул тууралуу айтасызбы?

Албетте,  абдан сыймыктанам. Анткени, бул банк 90-жылдары өлкөнүн финансы рыногунда пайда болуп, алгач микрокаржылоо уюмунан учурдагы ири, ийгиликтүү  Кыргызстандын банктарынын бири болгонун сыймыктануу менен айтууга болот. Айыл банктын ийгилигинин ичинде сенин салымың бар экени кантип кубантпасын. Банкта мыкты жамаат, эң жакшы адамдар иштешет.

Кандай  кызыктуу окуялар эсиңизде калды?

Бул жылдар аралыгында кызыктуу  окуялар  көп болду. Бир учурда банктын күндөлүгүн архив үчүн жазалы деп ойлогонбуз. Аябай, эсте калган учур бул ошол учурдагы президент Аскар Акаев менен Бүткүл Дүйнөлүк банктын президенти Вульфенсондун келиши болду. Ал учурда банк эмес элек. Бүткүл дүйнөлүк банктын  өлкөдөгү сегиз долбоору иштеп жаткан. Кыргыз Өкмөтү  Дүнйөлүк банктын президенти Вульфенсондун Кыргызстанга келишине карата баардык долбоорлордун бет ачаарын даярдашкан. Пресс-конференцияны өткөрү үчүн КАФК тандалып, биз үчүн эң жоопкерчиликтүү жана толкундаткан учур болду. Вульфенсондун визити биз үчүн чоң белги болу го. Анткени, биз уюштуруучулардын бири катары, жакшы таанылып алдык. Пресс-конференцияга Президенттер катышып жаткандыктан, чектелүү эле адамдар катышкан. Конференция аяктаган соң, Аскар Акаев Вульфенсон  менен бирге биз олтурган тарап менен өтүп калды. Биздин жаныбыздан өтүп бара жатып,  мага карап: «Сиз уюштуруучулардын бирисизби? Сонун уюштурдуңар», — деп мактап калса болобу. Толкундоомду басып бүтө электе, ал колумдан кармап,өөп койду. Аны көргөн Вульфенсон мырза дагы,  ушундай жасоо керек дедиби? айтоор, ал дагы колумдан өөп өтүп кетишти. Элестетсеңер, мунун баары камера менен фотоаппараттардын алдында болду. Андан кийин бир жума колумду жууган жокмун(тамаша) . Эң сонун эсте калган окуялар.

«Айыл Банктын» тарыхындагы кайсыл учурлдарды эстейсиз?

Алгач, биз микрофинансылык уюм болгондуктан, биздин биринчи миллиарддык «портфель» эске түшөт. Бизде болгону бир эле продукт – насыялоо эле бар болчу. Ал учурда эл насыя эмне экенин деле билчү эмес. Андыктан, биз агартуучулук боюнча масштабдуу  иш-чараларды уюштурдук. Айрым адамдар кредит менен гранттын ортосундагы айрыманы түшүнчү эмес. СССР тараганда эл эч кандай экономикалык түшүнүгү  жок рынок экономикасына киришти. Биз, эл аралык эксперттерден үйрөнгөн билимибизди элге берип жаттык.  

Албетте, банктын түзүлүшүнө салымын кошкон ар бир жетекчилерди айта кетүү  керек. Алардын ар бири  банкка өз салымын кошушуту. Бактыгүл  Жаныбековна 10 жыл иштеп, банкка бекем пайдубалын түптөп кетти. Ал аябай шыктандыргыч. Бизди  жылагач  альтруизм менен  “кезектеги чокуну” багындырууга баштап, көп ийгиликке жетиштик. Алтургай анын бир сөзү эсимде калыптыр,  бир жолу сынык менен ооруканада жатсам: “Сакайыш керек, анткени, өлкө сиздин ооруп жатканыңызды күтпөйт ” дегени, өлкө үчүн, эл үчүн иштөө башкы максатыбыз деп тарбиялады. Ошондуктан, ооруганга дагы убакытыбыз жок эле. Бул биздин мээбизге катуу “сиңип” калганбы, айтоор биздин эски кызматкерлерибиз  “оорудук”деген баракча көтөрүп келишпейт.

Ошентип, ар бир жетекчи өз салымын кошту. Ар бир жаңы адамдан жаңы билим, тажрыйба алдык. Ошондуктан, банктын жаңы тарыхы жазыла берди.

Коллективдин сүймөнчүлүгүнөө ээ болуп, эсте калган дагы бир жетекчи бул–Асрандиев Эркин Шамшудинович. Ал жаш экенине карабай: алдыга умутулууга, өнүгүүгө, коллективди биримдикке чакырууда, ар бир адамды уга билүүдө айрымалана алды. Ага ар бир кызматкер баардык суроолору менен кайрыла алчу. Анткени, ал баардыгы үчүн ачык, маселесин чечкен, жоопкерчиликтүү, табигатынан лидер болуп жаралган жетекчи болду. Анын жакшы сапаттарын санай берсе түгөнбөйт.

«Айыл Банк сиз үчүн бул — эмне....»

Айыл Банк – бул менин жашоом, үй-бүлөм, менин досторум жана менин эң жакшы күндөрүм.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу