Индия Кыргызстандагы айымдардын ишкерлигин колдоого даяр

26.03.2021, 09:25 Акчабар
Индия Кыргызстандагы айымдардын ишкерлигин колдоого даяр

Кыргызстан айымдарды ишкерлик жактан колдоо жана кездемелер менен иштешүү боюнча Индияга атайын сунуш менен кайрылды. Бул боюнча 24-март күнү Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев менен кездеме өнөр-жай иштери, Индиядагы балдар жана аялдар боюнча иш алып барган министр Смрити Зубин Ирани айым менен болгон жолугушууда талкууланды.

 

Министр айым кыргыз тараптын  сунушун колдоорун билдирип, кызматташууну мындан аркы кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөнкү жыйынтыкка келишти:

  • Кыргыз кол өнөрчүлөр үчүн кездеме өнөр-жай тармагында иштешүү программасын карап чыгуу;
  • айымдардын ишкерлигин колдоо программасы боюнча суроолорду мамлекеттик деңгээлде карап, эки өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүп, Mudra Yojana сыяктуу кичи ишканаларга же уюмдарга ссудаларды берүү;
  • мектеп окуучуларына эки өлкөнүн салт жана маданият баалуулуктары боюнча тааныштыруу программасын карап чыгуу;
  • Кол өнөрчүлүк жана колдонмо искусство боюнча тажрыйба алммашуу.

 

Тэги: Индия КР кызматташтык ишкерлик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу