“Айыл Банк” ААКда туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке кирди

18.01.2022, 10:15 Акчабар
“Айыл Банк” ААКда туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке кирди

“Айыл банк” дыйкандарга тамчылатып сугаруучу жабдууларды узак мөөнөткө жана жеңилдетилген үстөк пайыз менен лизингге берип баштады. Мындай маалымат Айыл чарба министрлигинин сайтына жарыяланды.

2021-жылы аталган министрлик сугаруунун жаңы технологияларын, тамчылатып жана жаадырып сугаруу системаларын жайылтуу максатында өлчөмү 426,7 млн. сомго барабар болгон лизинг долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында № 227 тескемеси кабыл алынган.

Ага ылайык “Айыл Банк” ачык акционердик коомунда туруктуу иштей турган жаңы кредиттик лизингдик долбоор ишке кирди.

“Жогорудагы тескеменин негизинде банк айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды жеңилдетилген шарттарда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 10 жылдык мөөнөткө, 4,5% үстөгү менен лизингге берүүдө”,- деп айтылат министрликтин маалыматтында.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Каржы министрлиги тарабынан банкка 125 млн.сом которулуп берилип 32 даана техника лизингге берилди. Азыркы мезгилде банкка дыйкандар тарабынан сугат машиналарын алуу тууралуу 11 заявка берилген.

Тэги: Айыл чарба министрлиги тамчылатып сугаруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу