“Айыл банк” дыйкан жана фермерлерге 1,2 млрд сомго насыя берди

22.04.2022, 17:21 Акчабар
“Айыл банк” дыйкан жана фермерлерге 1,2 млрд сомго насыя берди

Бүгүнкү күнгө карата “Айыл банк” тарабынан "Айыл чарбасын каржылоо – 10" программасынын алкагында республика боюнча 1 млрд 231 млн сомго 2 миң 334 насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде “Айыл банк” ААКтын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, берилген насыянын ичинен мал чарбачылыкка – 1 миң 309 фермерге 754 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 393 млн сомго 884 насыя, кайра иштетүү тармагына 41 чарбага 82 млн сом берилди.

“Жалпы бөлүнгөн сумманын 50%ы мал чарбачылыгына, 25%ы өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана 25%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек”, - деди Норузбаев.

Белгилей кетсек, өткөн жылы “Айыл Банк” тарабынан дыйкан жана фермерлерге 2 млрд 300 млн сомго насыя берилген. Башкача айтканда, былтыркы жылы насыя алуучулардын саны 4,5 миңден ашкан. Анын ичинен 50 пайызы мал чарбасына, 15 пайызы өсүмдүк өстүрүү тармагына, 20 пайызы кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берилген.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Ошондон бери бул долбоордун  алкагында 115 194 чарбалык субъектиге 48,26  млрд. сом насыя берилген.

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 31,53 млрд. сом суммасына 93 028 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 65% түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча  6,96 млрд. сом суммасына 20 052 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 14% түзөт;
  • “Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү” тармагы боюнча 9,76 млрд. сом суммасына 2 114 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 21% түзөт.

Ал эми быйыл да аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында министрлер кабинетинин 12-январдагы №3-р буйругу менен “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору бекитилген. Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн быйыл республикалык бюджеттен пайыздык чендерди субсидиялоого 520 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, бул айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн 4 900,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аталган доолборду ишке ашыруу максатында, Кыргызстандын экономика жана финансы  министерлиги тиешелүү 8 коммерциялык банктар менен Келишимдерди түзгөн.

Насыянын пайыздык чени 6 пайызды түзөт жана 3 жылдан 5 жылга чейин берилет.

Долбоордун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет.

 

Тэги: Айыл Банк Айыл чарбасын каржылоо – 10

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу