"Айыл Банк" ачык акционердик коому Oracle Database Enterprise Edition Processor Perpetual лицензиясын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Сатып алуу баасы 19 миллион 703 миң сомду түзөт. Ал жыл сайын техникалык колдоону камтыйт.
Арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат, жарыяланган кызмат үчүн жеткирүү убактысы келишимге кол коюлган күндөн тартып 14 күнгө белгиленген.