2020-жылы «Айыл банктын» насыя портфели 20 млрд сомго чейин жогорулап, банктын активи 30 млрд сомго чейин жеткен. Бул тууралуу ААК «Айыл банктын» өкүлү Бактыбек Шамкеев билдирди.
Депозиттик база 2 млрд сомго чейин жогорулаган.
«Банктын насыя саясаты региондордогу долбоорлорго багытталган. 2019-жылы кичи жана орто ишкерликти колдоо максатында, региондорго насыянын түрлөрү берилди», — деп билдирди Бактыбек Шамкеев.
Учурда «Айыл банк» насыянын түрлөрүн көбөйтүү максатында, дагы кошумча ресурстарды издеп жатат.